- Авиакомпания «Аэро Номад Эйрлайнс» открывает прямые рейсы Бишкек — Үрүмчү
- Первый рейс запланирован на 3 августа 2026 года
- Полеты будут выполняться на Airbus A320
- В честь открытия действуют специальные условия: бесплатный выбор мест, увеличенная норма багажа до 40 кг, ручная кладь до 7 кг
«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча түз авиакаттамдарды ачат. Алгачкы каттам 2026-жылдын 3-августуна пландаштырылууда.
«Кыргызстан аба майдандары» ААКтан билдиришкендей, учуулар заманбап Airbus A320 аба кемелеринде ишке ашырылат.
Фото «Кыргызстан аба майдандары» ААКтын. Ата мекендик авиакомпания Бишкек — Үрүмчү каттамдарды аткара баштайт
Жаңы багыттын ачылышынын урматына авиакомпания августтан сентябрга чейин күчүндө боло турган атайын шарттарды даярдады:
учактын салонунан орундарды акысыз тандоо (авариялык чыгуучу эшиктердин жанындагы орундардан тышкары);
жүктү акысыз ташуунун жогорулатылган ченеми — 40 килограммга чейин;
кол жүктү ташуунун ченеми — 7 килограммга чейин.
Билеттерди сатып алуу жана кошумча кызматтарды тандоо авиакомпаниянын расмий сайтында, ошондой эле өлкөнүн бардык агенттиктеринде жана авиакассаларында жеткиликтүү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий