- УКМК выявило коррупционные факты в мэрии Кара-Көла
- При строительстве многоквартирного дома для 32 семей нарушены требования законодательства
- Государственному бюджету нанесен ущерб в размере 9 985 400 сомов
- Задержаны бывший начальник управления муниципальной собственности, бывший специалист по строительству и ответственный за технадзор
- Возбуждено уголовное дело по статье 337 УК КР (злоупотребление служебным положением)
Ведомствонун маалыматы боюнча, социалдык объектти курууда мыйзам бузуу фактылары табылган.
Белгиленгендей, 2024-2025-жылдары «Жетинчи» кичи районунда муктаж болгон 32 үй-бүлөгө ылайыкталган көп батирлүү үй курулган. Буга чейин бул объект мэриянын балансында турган жана колдонууга жарамсыз катары бош калган.
«Курулушту ишке ашыруу процессинде КР мыйзамдарынын бир катар талаптары, тагыраак айтканда, курулуш жана жасалгалоо иштерине тендер өткөрүү, курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча көзөмөлдөө жана атайын-техникалык корутундуларды түзүү тартиби бузулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды», — деп билдирди УКМК.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төмөнкү жарандар кармалды:
Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.М.С.;
Башкармалыктын курулуш боюнча мурдагы адиси М.А.А.;
Курулуштун техникалык көзөмөлү үчүн жооптуу И.М.А.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий