Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү УКМКнын мурдагы жетекчисинен тергөө амалдарынын видеожазуусу интернетке кантип туш болуп калганы жана аны ким таратышы мүмкүн экендиги тууралуу кабары бар-жогун сурашты. Бирок Ташиев бул суроолорду жоопсуз калтырды.

Фото 24.kg. Ташиев сурактын видеосунун тарап кетиши боюнча суроолорго жооп берген жок. Сот жылдырылды. Кийинчерээк соттун бүгүнкү отуруму болбой турганы белгилүү болду. Жактоочулардын айтымында, айыпталуучулардын бири — Эмилбек Узакбаев ден соолугунун начарлашына байланыштуу сотко алынып келинген эмес. Анын кан басымы көтөрүлүп, алсырап жатканы кабарланууда. Буга байланыштуу ишти кароо башка күнгө жылдырылды.

Буга чейин социалдык тармактарда бул иш боюнча айыпталып жаткандардын, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин суракка алынган видеожазуулары пайда болгон. Кечээ ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов ведомство тергөө амалдарынын жазуулары тармакка кантип тарап кеткенинен кабарсыз экенин билдирген.

«75тин иши» деп аталган иш боюнча төмөнкүлөр айыпталууда:

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Эмиль Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев.

Айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү, ал эми Камчыбек Ташиевге кошумча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы тагылган. 15-июндан бери сот жараяны ачык режимде өтүүдө.