Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квотанын жалпы саны — 192,3 миң. Учурда 79 миң орун бош турат.

Эске салсак, биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроаймак боюнча жүргүзүлсө, учурда катталган дарегине карабастан, бош орундары калган мектептерге катталууга мүмкүнчүлүк бар.

Биринчи класска 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдар кабыл алынат.