Анын айтымында, орточо балл 128,3тү түздү.
Белгилей кетсек, 2025-жылы орточо балл бир аз төмөн — 127,3 болгон, ал эми босогодон өткөндөрдүн көрсөткүчү дээрлик окшош — 67,3 пайызды түзгөн.
Салыштырмалуу алсак, 2024-жылы ЖРТнын катышуучуларынын 61,8 пайызы 115 жана андан жогору балл алышкан.
Эске салсак, 2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.
2026-жылдын 17-майынан 23-майына чейин өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөгө 67 миң 297 абитуриент катышты. Алардын ичинен 37 миң 276 абитуриент тестти кыргыз тилинде, 30 миң 21и орус тилинде тапшырышкан.
2026-жылдын 19-июнунан 21-июнуна чейин ЖРТнын III этабы болуп өттү.
Жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн зарыл болгон босого баллдар, ошондой эле кабыл алуу өнөктүгүнүн графиги азырынча бекитиле элек.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий