Министр Эрлист Акунбеков калкты таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ал «Таза Суу» департаментине маселени өзгөчө көзөмөлгө алууну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте долбоордук-сметалык документтерди даярдоону тездетүүнү, ошондой эле каржылоо булактарын аныктоону тапшырды.
Мындан сырткары, жолугушууда көпүрө куруу, социалдык объекттерди пайдаланууга берүү, жолдорду оңдоо жана шаардын инженердик-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери да талкууланды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий