- Президент Садыр Жапаров встретился с жителями Жумгальского района.
- Житель села Ак-Жар поднял вопросы национальной безопасности, армии, борьбы с коррупцией и развития регионов.
- Жапаров пояснил, что вопрос указания национальности в паспорте решен в 2021 году, граждане могут выбирать.
- Президент призвал всех граждан активно участвовать в борьбе с коррупцией, а не полагаться только на президента.
Фото Президенттин басма сөз кызматы
Ал өз сөзүндө буга чейин жарандардын паспортторунда улуту көрсөтүлүп келгенин, бирок кийинчерээк бул графа алынып салынганын эске салды. Анын пикиринде, бул графаны кайра кайтаруу керек. Садыр Жапаров бул маселе 2021-жылы эле жөнгө салынганын жана учурда жарандар паспортко улутун жаздыруу же жаздырбоону өздөрү чечерин түшүндүрдү.
«Эгерде жаран паспортто улуту, мисалы, кыргыз деп көрсөтүлүшүн кааласа, анда мындай мүмкүнчүлүк бар. Эгер каалабаса — бул анын укугу», — деди президент.
Дагы бир козголгон тема коррупция болду. Ак-Жардын тургуну коррупция менен эрте жаштан баштап күрөшүү керектигин, анткени адамдар жашоонун ар кандай этаптарында — окуудан тартып жумушка орношконго чейин коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп жатышканын билдирди.
«Коррупция тууралуу айта берип чарчадык. Ал менен баары жапа тырмак күрөшүшү керек. Эгерде эл унчукпай, эч нерсе болбогондой түр көрсөтө берсе, бир эле президент бул көйгөйдү чече албайт. Коррупцияга каршы күрөшкө ар бир жаран катышуусу тийиш», — деп жооп берди мамлекет башчысы.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий