Фото УИАнын басма сөз кызматы. Шайгүл Асылбаева

«Балыктын саны кескин азайып кеткенде, президенттин мораторийи чоң жардам берди. Учурда Ысык-Көлдөн тонналаган торлордун чыгарылышы жана балык уулоого тыюу салынышы балыктардын популяциясынын олуттуу өсүшүнө шарт түздү», — деп белгиледи Шайгүл Асылбаева.

Ал кошумчалагандай, балыктын саны өскөнүн спорттук балык уулоочулар да айтып жатышат. Окумуштуунун пикиринде, эгерде мораторий кийинки жылдарга да узартылса, көлдөгү балыктын популяциясы дагы да көбөйөт.

КР УИАнын маалыматы боюнча, Ысык-Көлдө балыктын 23 түрү жашайт. Алар эндемикалык (жергиликтүү) жана өндүрүштүк болуп бөлүнөт.

Мындан тышкары, көлдө кокусунан кирип калган бөтөн түрлөр да бар. Алар жергиликтүү балыктардын уруктарын жеп, зыян келтиришет.

Шайгүл Асылбаева мораторийди узартуу боюнча сунушту Илимдер академиясы, Экотехинспекция жана Ички иштер министрлиги бере аларын белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү коомчулуктар да өз пикирлерин билдире алышат.

Ал ошондой эле Биология институтунун адистери балык чарбасын ачууну каалаган ишкерлерге жардам берип, балык ооруларына диагноз коюп, корутундуларды чыгарып берип жатышканын маалымдады.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 10-июлунда Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыкты өндүрүштүк максатта уулоого үч жылдык мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Документ балык запастарын сактоо жана көбөйтүү үчүн кабыл алынган. Мораторий күчүндө турган маалда бул көлдөрдө жашаган балыктын бардык түрлөрүн өндүрүштүк максатта кармоого, ташууга, сатууга жана сыртка алып чыгууга тыюу салынган. Ошол эле учурда сүйүүчүлөр жана спорттук балык уулоого, балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүүгө жана илимий изилдөөлөргө уруксат берилген. Анын мөөнөтү ушул жылы аяктайт.