Маалыматка ылайык, делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Батлут Дамба иш сапарынын алкагында кыргызстандык кесиптеши Руслан Мукамбетов менен жолугушат. Ошондой эле кыргыз-монгол аскердик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Сапардын программасына «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруу, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн жана аскердик объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле маданий иш-чаралар каралган.