- Бакыт Төрөбаев встретился с Антье Граве
- Начата подготовка нового стратегического документа сотрудничества между Кыргызстаном и ООН
- Обсуждены социально-экономическая ситуация и реализация рамочной программы на 2023-2027 годы
- Төрөбаев отметил устойчивые темпы социально-экономического развития
- Граве подтвердила готовность поддерживать устойчивый экономический рост
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Антье Граве КР менен БУУ кызматташтык боюнча жаңы стратегиялык документти даярдоо иштери башталганын билдирди Тараптар Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалды, ошондой эле Кыргыз Республикасында БУУ тутумунун 2023—2027-жылдарга туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын алкактык программасын ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин жыйынтыгын талкуулашты.
Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары өлкө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу темптерин көрсөтүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле аймактардын айыл чарбасы, экология, туризм, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана башка артыкчылыктуу багыттардагы негизги муктаждыктары тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Антье Граве Кыргыз Республикасы менен БУУ тутумунун ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу боюнча жаңы стратегиялык документти даярдоо иштери башталганын билдирди, ошондой эле өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экенин ырастады.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий