- Двое обвиняемых в мошенничестве экстрадированы в Кыргызстан из США и Азербайджана
- Обвиняемый Ы.М. доставлен из США, нанес ущерб более 70 млн сомов
- Обвиняемый А.А. доставлен из Азербайджана, обвиняется в крупном мошенничестве
- После прибытия оба помещены в следственный изолятор
Маалыматка ылайык, Ы.М. аттуу жаран Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген. Ал бир катар алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда. Тергөөдөн алынган маалымат боюнча, ал жабырлануучулардын ишенимине кирип, алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган. Мунун кесепетинен жалпысынан 70 миллион сомдон ашык суммада материалдык зыян келтирилген.
Экинчи чет элдик жаран А.А. Азербайжан Республикасынан жеткирилген. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жабырлануучунун ишенимине кирип, анын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.
Кыргыз Республикасына келгенден кийин Ы.М. жана А.А. мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кылмыш жоопкерчилигинин кутулгустук принцибин камсыздоо, өлкө чегинен тышкары тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана кайтаруу, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ырааттуу чараларды көрүп келет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий