Анын айтымында, Абдумалик Бекзаттын кыргыз жарандыгын алуусуна өлкө президенти түздөн-түз колдоо көрсөткөн.

«Убагында татаал тарыхый окуялардан улам ата-бабаларыбыздын айрым урпактары мекендин сыртында калууга аргасыз болушкан. Бүгүн алардын өз тамырына, өз элине кайтып келишин тарыхый адилеттүүлүктүн калыбына келиши деп баалашыбыз керек», — деп жазды депутат.

Фото Социалдык тармактардан алынды. Алымбек датканын урпагы Кыргызстан жарандыгын алды

Абдумалик Бекзат — Алымбек датка менен Курманжан датканын улуу уулу Абдылдабектин небереси. Ал бир жыл мурун Кыргызстанга келип, бул тукумдун тарыхый мекенине кайткан алгачкы өкүлдөрүнүн бири болгон.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Абдылдабек Алымбек уулу 1837-жылы туулган. Ал Оштун жана Ош вилаятынын беги болгон. Ал эми элге жана хандыкка сиңирген эмгеги үчүн Кокон башкаруучусу Кудаяр хандан «датка» наамын алган.

Абдылдабек 1875-1876-жылдары Россия империясынын Борбордук Азияны колониялаштыруусуна каршы көтөрүлүштө Полот ханды колдоп, көзкарандысыздык үчүн күрөшкө активдүү катышканы белгилүү. Көтөрүлүш жеңилгенден кийин ал Алай тоолоруна чегинүүгө аргасыз болуп, кийин Ооганстанга эмиграцияланып, ошол жакта каза болгон. Анын өмүрү тууралуу тарыхый материалдар узак убакыт бою үзүндү түрүндө гана сакталып келген.