- 25 июня в Венесуэле произошло сильнейшее за 126 лет землетрясение
- зафиксированы толчки магнитудой 7,2 и 7,5
- погибли 188 человек, 1520 ранены, 157 пропали без вести
- более 200 человек остаются под завалами
- город Ла-Гуайра объявлен зоной чрезвычайной ситуации
Венесуэлада кечээ, 25-июнда акыркы 126 жылдагы эң күчтүү жер титирөө катталды.
Сейсмологдордун маалыматы боюнча, Каракас шаарынан түндүк-батышты көздөй күчү 7,2 жана андан кийин 7,5 баллга жеткен эки жолку жер астындагы силкинүү катталган. Кийинчерээк өлкөнүн түндүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө болду. Жалпысынан 30га жакын афтершок катталган.
Түндүк жээктеги Варгас штатында жайгашкан Ла-Гуайра шаары табигый кырсыктан эң көп жабыркап, ал өзгөчө кырдаал аймагы деп жарыяланды.
Өлкө бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, кеминде 188 адам каза болуп, 1 миң 520 адам жаракат алды, ал эми дагы 157 адам дайынсыз болууда. Учурда урандылардын астында 200дөн ашык адам калууда.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий