«Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» — жергиликтүү жана аймактык бийликтердин ири эл аралык уюму болуп саналат. Ал дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүнөн 240 миңден көп шаарды, муниципалитетти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларын бириктирип, алардын кызыкчылыктарын глобалдык деңгээлде, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттар менен өз ара аракеттенүүдө да коргойт.

Вице-президенттер Дүйнөлүк «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» уюмунун жетекчи органдарынын курамына кирип, шаарларды туруктуу өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга катышат. Бишкек мэринин бул кызматка шайланышы борбор калаа үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат, шаардын эл аралык аброю өсүп жатканын тастыктайт жана дүйнө шаарлары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык долбоорлорго катышууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.