Фото Кыргыз футбол биримдиги Негизги объект катары Таш-Көмүр шаарындагы «Шахтёр» стадиону саналат. 1963-жылы курулган стадион өз тарыхында биринчи жолу капиталдык реконструкциядан өттү. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында арена заманбап талаптарга жооп берген табигый газондуу футбол талаасы, 3975 орундуу трибуналар, медиа борбор, пресс-конференция залы, VIP ложа, машыгуу талаасы жана башка керектүү инфраструктура менен жабдылды.

Ачылыш аземи ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы жандуу концерттик программа менен коштолот.

Майрамдык кеч «Шахтер» жана «Базар-Коргон» футбол клубдарынын ортосундагы Биринчи Лига беттеши менен уланат.

Жаңыртылган стадион аймакта футболду өнүктүрүүнүн маанилүү борборуна айланат, машыгуу, мелдештер жана жаңы муундагы спортчулардын өнүгүшү үчүн жогорку сапаттагы шарттарды түзөт.