Жабыркаган калктуу конуштардын көбүндө электр энергиясы да калыбына келтирилди. Жарыксыз Баткен районунун Бежой айылындагы 147 гана абонент калууда. Авариялык-калыбына келтирүү иштери улантылып жатат.

Сугат сууну берүү штаттык режимде жүргүзүлүүдө, суу чарба объекттери үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ошону менен бирге, аба ырайынын катуулугунан улам байланыш операторлорунун айрым интернет линиялары жабыркаган. Учурда адистер бузулган жерлерди калыбына келтиришүүдө.

Баткенде борборлоштурулган суу түтүктөрү калыбына келтирилди. Айрым калктуу конуштарда ичүүчү сууну берүүнү кайрадан жандандыруу иштери дагы деле уланууда.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жетектеп жатат. Жарандык коргонуунун бардык кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеүүдө.

Ошону менен бирге, катуу шамалдан келтирилген чыгымдардын көлөмүн аныктоо үчүн атайын комиссия жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык объекттерди жана чарбалык курулуштарды текшерүү иштерин улантууда.