- Театр завершил 91-й театральный сезон, показав более 190 спектаклей и 12 премьер.
- Участие в 6 международных фестивалях, включая страны ШОС.
- Проведены 6 благотворительных мероприятий для детей-сирот и ветеранов, охвативших более 3000 зрителей.
- Обновлено световое и звуковое оборудование сцены.
- Театр получил номинацию на премию «Звезда театрала» и международную премию имени Кирилла Лаврова.
Маалыматка ылайык, театр сезон ичинде ар кандай курактагы көрүүчүлөргө жалпысынан 190дон ашык спектакль тартуулап, 12 премьераны сахналаштырды.
Театр жамааты өлкө ичиндеги жана ШКУга мүчө мамлекеттерде өткөн 6 эл аралык театр фестивалына катышты. Ошондой эле Россиянын Новокузнецк шаарына чыгармачылык сапар менен барып, Бишкекте Санкт-Петербургдагы Балтийский дом театрынын гастролдук программасын өткөрдү.
Социалдык жоопкерчилик алкагында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана ардагерлерге арналган 6 кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, 3000ден ашык көрүүчүгө өз өнөрүн тартуулады.
Мындан тышкары, сахнаны жарыктандыруу жана үн жабдууларын жаңылоо иштери улантылды.
Театр быйылкы сезондо Москвада өткөн «Театрал жылдызы» (Звезда театрала) көрүүчүлөр сыйлыгынын «Чет өлкөдөгү мыкты орус театры» номинациясына жана Кирилл Лавров атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болду.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий