- Кыргызстан почти исчерпал квоту на ввоз электромобилей на 2026 год
- Квота составляет 15 тысяч электромобилей
- После исчерпания квоты взимается импортная пошлина 15%
- В 2025 году квота была 10 тысяч и исчерпана к концу сентября
Фото иллюстрациялык. Кыргызстан электромобилдерди алып кирүү боюнча 2026-жылга берилген квотаны дээрлик түгөттү
Эске салсак, үстүбүздөгү жылга Кыргызстан үчүн квота электр кыймылдаткычы бар 15 миң моторлуу транспорт каражаты өлчөмүндө белгиленген. Жеңилдик ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддору менен классификацияланган электромобилдер үчүн колдонулат.
Мамлекеттик бажы кызматынын онлайн-эсептегичинин маалыматына ылайык, учурда 14 миң 14 квота колдонулуп, 986сы калды. Эсептегич электромобилдерди жеңилдик менен бажылык тариздөөдөн өткөрүүдө маалыматтарды автоматтык түрдө жаңыртып турат.
Квота аяктагандан кийин, Кыргызстанга электромобилдерди алып кирүүдө бажы наркынын 15 пайыз өлчөмүндө импорттук бажы алымы алына баштайт.
Бажы кызматы электр кыймылдаткычы бар унааларды алып кирүүнү пландаштырууда муну эске алуу зарылдыгын эскертет.
2025-жылы Кыргызстан үчүн квота 10 миң электромобилди түзгөн. Лимит сентябрь айынын аягына чейин түгөнгөн.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий