Анын айтымында, бала 28-июнда райондук ооруканада каза болгон. Ошол эле күнү анын сөөгү жерге берилген. Милициядан такташкандай, бала медициналык мекемеге дене табы абдан жогору болуп жеткирилген.

Каза болгон бала Кадамжай районунун Совет айыл аймагында жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучусу болгон.

Учурда укук коргоо органдары тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, окуянын бардык чоо-жайын тактап жатышат.