ДСУнун маалыматы боюнча, 24-июндан бери Францияда ашыкча өлүмдүн миңге чукул учуру катталган. Алардын көбү — 65 жаштан ашкан адамдар. Бир катар шаарларда тез жардам чакыруулардын саны дээрлик эки эсеге өскөн.

Испанияда өлүмдүн деңгээлин көзөмөлдөөчү улуттук тутум июнь айындагы аптаптын айынан каза болгондордун санын 892 адам деп баалады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму европалык өлкөлөрдү калкты ысыктан коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Кеп алдын ала эскертүү тутумдарын өнүктүрүү, коомдук салкын жайларды түзүү, ошондой эле кары-картаңдарга жана калктын башка аялуу катмарына кошумча колдоо көрсөтүү жөнүндө болуп жатат. Клюгенин айтымында, мындай чаралар бүгүнкү күндүн өзүндө эле адамдардын өмүрүн сактап калууда жана кийинки келе турган өзгөчө аптап толкундарына даярдыктын милдеттүү бөлүгү болушу керек.