- Кыргызстанские школьники завоевали 4 медали на ISPhO 2026 в Москве: 1 серебро и 3 бронзы.
- Олимпиада прошла с 21 по 30 июня 2026 года в МФТИ.
- Участвовали 148 школьников из 30 стран.
- Команда Кыргызстана состояла из 10 учеников и 4 руководителей.
- Медалисты: Айтегин Эмилбеков (серебро), Темирхан Салиев, Умар Туташбаев, Ахмед Абылаев (бронза).
Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, ISPhO жогорку классстардын окуучулары арасында изилдөөчүлүк физика боюнча эң абройлуу эл аралык мелдештердин бири болуп саналат. Бул жылы олимпиада 30 өлкөдөн келген 148 эң күчтүү окуучунун башын бириктирди. Катышуучулар физика боюнча татаал теориялык жана эксперименталдык маселелерди чечүүдө күч сынашышты.
Кыргызстандын атынан олимпиадага 10 окуучу жана төрт жетекчиден турган команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы бир күмүш, үч коло медаль, ошондой эле үч ардак грамота жеңип алды.
Айтегин Эмилбеков — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
Темирхан Салиев — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу;
Умар Туташбаев — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу;
Ахмед Абылаев — «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу.
Улуттук курама команданы даярдоону команда жетекчилери Салижан Кылычбеков, Андрей Сидоренко, Чынтемир Сабыров жана Эмир Анаралы уулу камсыз кылышты.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий