- 1-июлда Алайкуу айыл аймагында сел жүргөн
- Терек айылында 50 үй, Кан-Коргондо 11 үй жабыркаган
- жол, сугат каналы, электр тармактары зыянга учураган
- 17 үй жана 2 социалдык объекттин короосу тазаланган
- Терек-Чат-Терек жолунда бир тараптуу кыймыл камсыздалган
Маалыматка ылайык, сел агымдары 1-июлда Алайкуу айыл аймагынын Терек жана Кан-Коргон айылдарында жүргөн. Табигый кырсыктын кесепетинен Терек айылында 50 турак үй, ал эми Кан-Коргон айылында 11 үй жабыркаган.
Ошондой эле ички жол тармактарынын объектилери, Терек — Чат-Терек унаа жолу, сугат каналы, социалдык объектилер жана айрым электр тармактарынын объектилери зыянга учураганы катталган.
Учурда авариялык-куткаруу иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Куткаруучулар мотопомпалардын жардамы менен суу каптаган турак үйлөрдөн сууну сордуруп, аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күндө 17 турак үйдүн жана эки социалдык объекттин короолору, ошондой эле 5 чакырымга жакын ички жолдор тазаланды.
Мындан тышкары, Терек — Чат-Терек унаа жолунун 5 чакырымдык тилкесинде бир тараптуу кыймыл камсыз кылынып, жолду кеңейтүү жана толугу менен калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий