- На месте сгоревшего кинотеатра «Чатыр-Көл» в Бишкеке строится современный культурный центр.
- Завершены работы по установке железобетонного каркаса подвальной части, начата подготовка к монтажу колонн первого этажа.
- В центре будут кинотеатр на 420 мест, выставочный зал на 330 мест, музыкальные и театральные классы, фуд-корт и многофункциональные пространства.
- Трехэтажное здание общей площадью 7,5 тыс. кв. м на участке 0,4 га, рядом парковка на 92 машины.
- Мэрия обещала завершить строительство в сентябре текущего года.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, учурда объектте имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын орнотуу иштери аяктап, курулушчулар биринчи кабаттын колонналарын монтаждоого жана кабаттар аралык жапкычтарды бетондоого даярдык көрө башташты.
Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театр класстары, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн көп функциялуу мейкиндиктер жайгашат. Долбоорго ылайык, 0,4 гектар аянтты ээлеген тилкеде жалпы аянты 7,5 миң чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулат. Анын жанында 92 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай каралган.
Буга чейин Бишкек мэриясы борбордун курулушун ушул жылдын сентябрь айында бүтүрүүнү убада кылган.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий