Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинде:

Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 2 539;

Мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 362;

Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 193;

Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 238;

Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 502;

Белгиленген ылдамдык чектөөсүн ашыруу — 2 135;

Жалган мамлекеттик номер белгиси менен транспорт каражатын башкаруу — 6;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9 267.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 автоунаа убактылуу токтотулуучу айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, бири-бирине сылык мамиле кылууга жана жол коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын кемчиликсиз аткарууга чакырат.