Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жергиликтүү нөшөрлүү жамгырга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

ӨКМ тургундарды жана туристтерди этият болууга, мүмкүнчүлүккө жараша капчыгайларга жана дарыя жээктерине эс алууга барбай турууга, ошондой эле тоолуу райондорго сапарга чыгууда аба ырайын эске алууга чакырат.