- Два здания в Бишкеке лишены статуса памятников истории и культуры республиканского значения.
- Здания: Республиканская глазная клиника (1939 г.) и Институт туберкулеза (1949 г.).
- Постановление подписано главой кабмина Адылбеком Касымалиевым 3 июля.
- Ранее из списка исключены здания авиакомпании «Кыргызстан Аба Жолдору» и национального кафе.
Тийиштүү токтомго Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев 3-июлда кол койгон. Документ расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эки имарат тең борбор калаанын медициналык инфраструктурасынын тарыхы менен байланыштуу. Көз клиникасы 1939-жылы курулуп, шаардагы алгачкы адистештирилген медициналык мекемелердин бири болгон. Ал эми Туберкулез институтунун имараты 1949-жылы тургузулган. Ондогон жылдар бою алар Бишкектин архитектуралык көрүнүшүнүн бир бөлүгү болуп, тарых жана маданият эстеликтери макамына ээ болуп келишкен.
Буга чейин минкаб Чыңгыз Айтматов проспектиси 95 дарегиндеги «Кыргызстан Аба Жолдору» авиакомпаниясынын имаратын (мурдагы «Аэрофлот» агенттиги), ошондой эле Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1980-жылдары курулган жайкы аянтчасы бар улуттук кафенин имаратын да эстеликтердин тизмесинен чыгарган.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий