- С момента подписания закона о земельно-правовых отношениях поступило 16 616 заявлений на земельную амнистию в Бишкеке.
- С января по 1 июля 2026 года разработано 2 022 градостроительных заключения.
- На сегодня комиссии передано 13 698 готовых градостроительных заключений.
- Отказано в 2 123 заявлениях из-за расположения участков в санитарно-защитных зонах, парках, под ЛЭП или в зонах очистных сооружений.
- 3 октября Садыр Жапаров подписал указ о продлении сроков земельной амнистии до 15 декабря.
2026-жылдын январь айынан 1-июлуна чейин 2 миң 22 шаар куруу корутундусу иштелип чыгып, комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Жалпысынан бүгүнкү күндө комиссияга 13 миң 698 даяр шаар куруу корутундусу өткөрүлүп берилди.
Түшкөн 16 миң 616 арыздын ичинен 2 миң 123үнө баш тартылган. Буга жер тилкелеринин санитардык-коргоо зоналарында, парктардын аймактарында, электр чубалгыларынын астында же тазалоочу курулмалардын зонасында жайгашкандыгы себеп болгон.
Бишкек шаарынын аймагындагы жер мунапысы маселелери боюнча жарандар Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына кайрыла алышат.
Дареги: Турусбеков көчөсү, 31, 208-кабинет, ошондой эле байланыш телефону: 0312312995.
Эскерте кетсек, 3-октябрда Садыр Жапаров жер мунапысын ишке ашыруу мөөнөттөрүн узартуу тууралуу Жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, документтештирүүнүн айрым этаптарын аяктоо мөөнөтү 15-декабрга жылдырылган. «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга мамлекет башчысы 2022-жылы, Жогорку Кеңеш ошол эле жылдын 17-мартында кабыл алгандан кийин кол койгон.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий