Маалыматка ылайык, көрүүчүлөр үчүн белгилүү чыгармачыл жамааттардын жана таланттуу аткаруучулардын катышуусунда кызыктуу концерт тартууланат.

Белгиленгендей, бул долбоор шаардын маданий турмушун жандандыруу, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алууга шарт түзүү максатында уюштурулууда.

Мэрия борбор калаанын тургундарын жана конокторун музыкалык кечелерге чакырат.

Эскерте кетсек, мындай музыкалык кечелер июнь айында «Ала-Тоо» аянтында ийгиликтүү өткөн, ал эми июль айында долбоор борбор калаанын башка сейил бактарында улантылууда.