Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бул көпүрө капчыгайга каттаган малчылар, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар үчүн чоң мааниге ээ. Калыбына келтирүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Садыр Аке атындагы айыл өкмөтүнүн жана «China Road» компаниясынын техникалары менен адистери тартылган.

Эске салсак, ушул жылдын 2-июлунда Иссык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Григорьев капчыгайы аркылуу аккан Чоң-Ак-Суу дарыясында суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Мунун кесепетинен дарыянын нугунда жайгашкан бешинчи көпүрө жабыркап, колдонууга жараксыз болуп калган.