Биринчиси, күчү 3 баллга жеткен жер титирөө 9-июлда саат 20.45те болгон. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында: Бүргөндү айылынан түндүк-чыгышты карай 6 чакырым, Үч-Коргон айылынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым, Андижандан (Өзбекстан) түндүк-батышты карай 30 чакырым, Манас шаарынан түндүк-батышты карай 60 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү 2 баллды түздү.

Экинчи сейсмикалык активдүүлүк — күчү 4 баллга жеткен жер титирөө бүгүн түнү саат 1.59да катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Талас кырка тоолорунун аймагында: Көк-Сай айылынан түштүк-батышты карай 30 чакырым, Тараздан (Казакстан) түштүк-батышты карай 76 чакырым, Талас шаарынан түштүк-батышты карай 115 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Көк-Сай, Айна, Кайнар, Арча-Гүл, Шекер айылдарында болжол менен 2,5 баллды түздү.