Кадамжайдагы эки кабаттуу «Аленушка» бала бакчасынын курулушу аяктады. Объект 90 орунга ылайыкташкан жана Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорунун алкагында салынган. Долбоордун жалпы баасы 69 миллион сомду түздү.

Фото Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү басма сөз кызматынын сүрөтү. Кадамжайдагы жаңы бала бакча. Кадамжайдагы жаңы бала бакча Кызыл-Кыя шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын курулушу аяктады. Долбоорду ишке ашырууга 10 миллион 950 миң сом багытталган. Анын 8 миллион 840 миң сому республикалык бюджеттен, ал эми 2 миллион 110 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Имараттын ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары аткарылып, жылытуу, суу түтүктөрү жана канализация тартылып, тегерек-чети көрктөндүрүлгөн.

Фото Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү. Кызыл-Кыядагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты

Мындан тышкары, Караван айылында Жалпы дарыгерлик практика борборунун 17 орундуу жаңы терапия бөлүмү ачылууга даярдалып жатат. Объект пайдаланууга берилгенден кийин 18 жаңы жумуш орду түзүлөт. Курулушка Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын 20 миллион сомдук инвестициясы жана жергиликтүү бюджеттен дагы 7 миллион сом багытталган.

Фото Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү. Каравандагы жаңы терапия бөлүмү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев объекттердин даярдыгын текшерип, аларды Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү үчүн бардык уюштуруу иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.