- Государственное агентство гражданской авиации Кыргызстана аннулировало лицензию авиакомпании TezJet после проверки.
- Выявлены грубые нарушения авиационного законодательства, влияющие на безопасность полетов.
- 7 июля самолет TezJet на рейсе Бишкек-Ош не смог взлететь из-за неисправности шасси, на борту было 181 пассажир.
- Принято решение о внеплановых инспекционных проверках всех авиакомпаний Кыргызстана.
- Виновные будут привлечены к ответственности по законодательству Кыргызстана.
Бул маалыматты «Кыргызстан аба майдандары» ААК тастыктады. Ташуучунун ишинде авиациялык мыйзамдардын талаптарын одоно бузуулар аныкталып, алар учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизген.
Фото Архивден алынды. Бишкек — Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан TezJet учагы шассисинин бузулушунан улам уча албай калган
«Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарынын учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу талаптары бузулганы аныкталган. Ушуга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мыйзамда каралган тартипте Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу Жарандык авиация мамлекттик агенттиги үчүн эң башкы артыкчылык болуп саналат. Учуулардын коопсуздугуна коркунуч жараткан ар бир эксплуатантка карата авиакомпаниянын аталышына, канча жылдан бери иштеп жатканына же авиация тармагындагы ордуна карабастан эң катуу чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын бардык авиакомпанияларына пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Текшерүүнүн жүрүшүндө авиациялык мыйзамдардын жана учуулардын коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышына баа берилет.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. Күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Расмий иликтөөнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чаралар тууралуу кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон белгилешкендей, эгерде кайсы бир авиакомпаниянын ишмердүүлүгү жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү үчүн коркунуч туудурса, анын тарыхына, бизнесинин масштабына же рыноктогу ордуна карабастан, бардык авиакомпанияларга карата ушундай эле чаралар көрүлөт.
Эске салсак, 7-июлда Бишкек — Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан «TezJet» учагы шассисинин бузулушунан улам уча албай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын бортунда 181 жүргүнчү, анын ичинде 18 бала болгон. Окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий