Биринчи беттеште майданга Испания менен Франция чыгат. Чемпионаттын финалына берилүүчү экинчи жолдомону Англия жана Аргентина курама командалары ат салышат.

Эске салсак, чейрек финалда Англия Норвегияны 2:1 эсебинде жеңип алган. Англиялыктар чечүүчү голду 93-мүнөттө киргизишти.

Башка чейрек финалдык беттеште Аргентина Швейцарияны утуп алды. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктап, кийин аргентиналыктар 112- жана 121-мүнөттөрдө гол киргизишти.

Жарым финалда Франция Испания менен (14-июлда), ал эми Англия Аргентина менен (15-июлда) ойнойт.

Кыргызстандагы күйөрмандар үчүн эки жарым финалдык беттеш тең Бишкек убактысы боюнча саат 01:00до башталат. Биринчи оюн 15-июлда, экинчиси 16-июлда өтөт.