Милициянын маалыматы боюнча, кырсык тууралуу билдирүү Ысык-Көл районунун ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 12-июлда түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон бала 15 жаштагы өспүрүм экени аныкталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облустук ИИБ жарандарды, өзгөчө ата-энелердин, өспүрүмдөрдү суу жээгинде кароосуз калтырбоого жана көлдө эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.