Анын айтымында, Кытайдын консулдугу белгилүү бир убакыт бою иштебей турган.

Фото 24.kg. Ош шаарында Кытайдын консулдугу кайрадан иштей баштайт

«Кыргызстандын көптөгөн жарандары бизден консулдуктун ишин кайрадан жандандырууну суранышкан. Жакында мен КЭРдин жаңы консулунун иштешине ыйгарым укук берген документке кол койдум. Ал Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча иш алып барат. Эми биздин жарандар консулдук аркылуу маанилүү маселелерин чече алышат», — деп кошумчалады министр.

Эске салсак, Кытайдын консулдугу 2019-жылдан бери иштебей келген.