«Манас» эл аралык аэропортунун имаратынын башкы кире бериши масштабдуу реконструкциядан кийин ачылды.

Кире бериш бөлүгүн жаңылоо иштери буга чейин аэровокзал комплексин модернизациялоонун алкагында башталган. Долбоор имараттын тышкы көрүнүшүн жакшыртууну, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууну жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөйт.

Учурда аэровокзалдын аймагында тышкы жасалгалоо иштери аяктап жатат. Ал эми имараттын ичинде курулуш-оңдоп түзөө иштери уланууда. Реконструкция толугу менен аяктагандан кийин жаңыланган терминал аэропорттун жүргүнчүлөрү жана коноктору үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды камсыздай алат.