- В Оше планируется открытие филиала российского вуза.
- Решение принято на заседании Управляющего совета Кыргызско-Российского Славянского университета (КРСУ).
- Подробности проекта, включая название вуза, сроки и программы, пока не раскрыты.
- КРСУ переходит на новую модель управления: семь факультетов реорганизуются в три института, Академию образования им. Выготского и систему Высших школ.
- В КРСУ обучается около 10 тысяч студентов, более половины из регионов Кыргызстана.
Кеңештин ишине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары, Башкаруучу кеңештин төрагасы Константин Могилевский, Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Волков, Жогорку Кеңештин депутаты Гүля Кожокулова, Башкаруучу кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана окуу жайдын жетекчилери болду.
Фото КРСУ. Ошто Орусиянын жогорку окуу жайынын филиалы ачылат
Долбоордун чоо-жайы, анын ичинде орусиялык ЖОЖдун аталышы, филиалдын ачылыш мөөнөтү, билим берүү программаларынын тизмеси жана студенттердин саны азырынча ачыкталбай элек.
Жыйында КРСУну өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышы да каралды. Жаңы окуу жылынан тарта университет башкаруунун жаңы моделине өтөт: жети факультет үч институтка, Выготский атындагы Билим берүү академиясына жана Жогорку мектептер тутумуна кайра түзүлөт.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев КРСУ билим берүү тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири бойдон кала берерин жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган системалык трансформациядан өтүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Башкаруучу кеңеш университеттин бюджетинин негизги параметрлерин бекитти. КРСУнун аймагында окуу өрт-куткаруу бөлүмүн куруу боюнча ӨКМ менен кызматташууну ырастады жана ЖОЖдун инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү маселелерин карады.
Университеттин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө КРСУда 10 миңге жакын студент билим алат. Алардын жарымынан көбү Кыргызстандын аймактарынан келген тургундар. Ош шаарында орусиялык ЖОЖдун филиалынын ачылышы өлкөнүн түштүгүндөгү жаштар үчүн жогорку билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтет деп күтүлүүдө.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий