Маалыматка ылайык, чектөө 14-июль саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин күчүндө болот. Суу берүүнүн токтотулушу диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин) жана Асанбай 40/1;

8-кичи райондун түштүк тарабы (эскертүү: 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт);

Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3, Орто-Сай-2 турак жай шаарчалары;

Сары-Өзөн конушу жана Француз кварталынын батыш тарабы;

«Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерде өчүрүлөт. «Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт",—деп айтылат маалыматта