- Ущерб от ливней и селей в Кочкорском районе превысил 8 млн сомов.
- В Ормон-Ханском айылном округе зафиксированы чрезвычайные ситуации.
- На пастбище Көл-Үкөк пропало 13 голов овец и коз.
- В селе Сары-Булак селевыми водами затопило жилой дом и хозпостройку, ущерб 500 тыс. сомов.
- С 1 по 5 июля селевыми потоками смыло 9 мостов в селах Кара-Саз и Исакеев.
Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында бир нече өзгөчө кырдаал катталган. Мындан сырткары, Көл-Үкөк жайлоосунда малчылардын бирине таандык 13 баш кой-эчки дайынсыз жоголгон.
Сары-Булак айылында сел суулары бир турак үй менен чарбалык курулушту каптаган. Комиссиянын баалоосу боюнча, үйдүн ээси 500 миң сом өлчөмүндө зыян тарткан.
Эске салсак, 1-июлдан 5-июлга чейин созулган нөшөрлөгөн жамгырдан улам Кара-Саз айылындагы жана Исакеев айылына караштуу Көл-Үкөк жайлоосундагы тогуз көпүрөнү сел агызып кеткен. Бул көпүрөлөр жайлоолорго, айдоо аянттарына жана чарбалык курулуштарга баруучу жолду камсыздап турган. Ошондой эле Семиз-Бел айылында узундугу 20-25 метр болгон сугат лотогунун бир бөлүгү жараксыз абалга келген.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий