55-мүнөттө Энтони Гордон киргизген голдон кийин Англия алдыда келе жаткан, бирок аргентиналыктар оюндун нугун өз пайдасына өзгөртө алышты. 85-мүнөттө Энцо Фернандес эсепти теңесе, 92-мүнөттө Лаутаро Мартинес жеңиш тобун киргизди. Лионель Месси эки голдук пас берди.

Лаутаро Мартинес талаага 81-мүнөттө чыккан. Аргентиналыктар эсепти 85-мүнөттө теңеди: Лионель Месси айып аянтчасынын четиндеги боштуктан Энцо Фернандести таап, ал 20 метрлик аралыктан катуу сокку менен Джордан Пикфорд кайтарган дарбазанын алыскы бурчун мээледи. Ал эми кошумча убакытта, 92-мүнөттө Аргентина жеңиш голун киргизди. Алексис МакАллистердин соккусу дарбазанын мамысына тийип, андан кийин 39 жаштагы Месси оң канаттан алдыга жулунуп, топту мыкты ашырып берди. Алмашууга чыккан Лаутаро Мартинес топту баш менен дарбазага багыттап, таблодогу акыркы эсепти аныктады.

Англия 1966-жылдан бери биринчи жолу мундиалдын финалында ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Эске сала кетсек, Аргентина курамасы — учурдагы дүйнө чемпиону.

Дүйнө чемпионатынын финалында алардын атаандашы Испания курама командасы болот.