Ведомствонун маалыматы боюнча, лицензиялар алардын шарттары бузулгандыгыга байланыштуу жокко чыгарылган. Компаниялардын жана алар иштеткен кендердин аталышы такталбайт.

Ошону менен бирге Жаратылыш ресурстары министрлиги КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жер казынасын пайдалануу укугуна бардык лицензиялар, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерине жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензиялар уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү басымдуулук кылган мамлекеттик ишканаларга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге гана берилерин эскертти.

Июнь айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мурда берилген бардык лицензияларга масштабдуу инвентаризация жүргүзүп, шарттарды бузуунун 836 учурун аныктаганы маалымдалган. Анда 600гө жакын лицензиянын аракети убактылуу токтотулуп, айрымдары жокко чыгарылган. Жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2 миңге чукул лицензия берилген.