- С начала 2026 года в Кыргызстане реализовано 127 проектов поддержки малообеспеченных семей
- Проекты осуществляются совместно с Всемирной продовольственной программой ООН
- Участниками программы стали 3 643 малообеспеченные семьи (18 285 человек)
- Выдано более 1 151 тонны продовольствия (мука и растительное масло)
- Общая сумма выплат по проектам превысила 19 миллионов сомов
Долбоорлор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып, азык-түлүк жардамын көрсөтүүнү, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарга жана окутууга катышкандыгы үчүн төлөмдөрдү карайт.
Фото Эмгек министрлиги. Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 миллион сомдон ашык каражат төлөндү
Программанын катышуучулары 3 миң 643 аз камсыз болгон үй-бүлө (18 миң 285 адам) болду. Аларга 1 миң 151 тоннадан ашык азык-түлүк — ун жана өсүмдүк майы берилди. Мындан тышкары, Эмгек министрлиги өлкөнүн айрым шаарларында калктын эң аялуу категориялары үчүн шашылыш колдоо көрсөтүү боюнча 36 долбоорду ишке ашырды. «Коомдук пайдалуу жумуш (окутуу) үчүн накталай каражаттар» программасынын алкагында 1 миң 320 үй-бүлө (4 миң 782 адам) жардам алды. Бул долбоорлор боюнча төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 19 миллион сомдон ашты.
Министрликтен белгилешкендей, программалар оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө гана эмес, коомдук инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы көндүмдөргө үйрөтүүгө жана жарандардын кирешесин жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий