Ведомствонун маалыматы боюнча, жыйындын жүрүшүндө түшүм жыйноо өнөктүгүн өткөрүү маселелери каралып, ошондой эле Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралды.

Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды. Түшүм жыйноону өз убагында аяктоо жана дыйкандарга уюштуруучулук, техникалык колдоо көрсөтүү иштери уланууда.

Ветеринардык кызмат эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле «Тулпар» маалыматтык системасы аркылуу ветеринардык коштомо документтер электрондук форматта берилип, ал Россия Федерациясынын «Меркурий» системасы менен интеграцияланган.

Министр Эрлист Акунбеков жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, отоо чөптөргө каршы күрөштү күчөтүү, «Тартиптүү талаа» долбоорун ишке ашыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилүүчү жеңилдетилген насыялар боюнча долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле бардык түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, түшүм жыйноону уюшкандыкта өткөрүү жана фермерлерге көрсөтүлүүчү колдоону күчөтүү милдети жүктөлдү.