- Безгек — опасное паразитарное заболевание, передающееся через укусы комаров рода Anopheles.
- Основные симптомы: повышение температуры, озноб, лихорадка, сильное потоотделение, головная боль, слабость.
- При первых симптомах необходимо немедленно обратиться за медицинской помощью.
- Для профилактики рекомендуется использовать москитные сетки и репелленты, а также устранять места размножения комаров.
Адистердин айтымында, безгекти плазмодий аттуу мите козгойт. Ал эми инфекцияны Anopheles тукумундагы ургаачы чиркейлер таратат. Чиркей оорулуу адамды чакканда инфекцияны жуктуруп алып, кийин башка адамдарга өткөрүшү мүмкүн.
Оорунун негизги белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, калтыратма кармоо, катуу тердөө, баш оору, алсыздык жана жалпы ал-абалдын начарлашы кирет. Оор учурларда адам эсин жоготушу мүмкүн. Безгектин өзгөчөлүгү — оорунун белгилери мезгил-мезгили менен кайталанышы. Калтыратма кармоо эки-үч күндө бир кайталанышы мүмкүн.
Борбордун маалыматына караганда, оорунун алгачкы белгилери байкалганда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл. Өз убагында дарыланбаса, безгек аз кандуулукка, боордун, көк боордун жана башка ички органдардын жабыркашына, ошондой эле организмдин жалпы алсырашына алып келиши мүмкүн. Оору эрте аныкталып, туура дарыланса, толук айыгууга болот.
Адистер безгектин алдын алуу үчүн чиркей чактырбоого аракет кылууну сунушташат. Ал үчүн терезе жана эшиктерге чиркейге каршы тор орнотуп, репелленттерди колдонуу керек. Ошондой эле чиркейлер көбөйө турган жерлерди жок кылуу маанилүү. Тактап айтканда, суу топтолуп калуусуна жол бербөө, арыктарды жана суу сактагычтарды өсүмдүктөрдөн тазалоо, айлананы таза кармоо зарыл.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий