Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн жана кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды, ошондой эле Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда тышкы саясий мекемелердин башчылары соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, өнөр жай жана инвестицияларды тартуу тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты. Тараптар «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушун жана башка ири инфраструктуралык демилгелерди ырааттуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда министрлер Кыргызстандын Медиация боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө конвенцияга кол коюу аземине, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу аземине катышышты.