- С начала 2026 года на телефон доверия 5200 поступило более 3,4 тыс. обращений по вопросам насилия.
- Из них 1513 случаев психологического насилия, 1309 обращений за юридической помощью, 1302 человека получили психологическую помощь.
- Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызстана призывает не скрывать факты семейного насилия и своевременно обращаться за помощью.
Маалыматка ылайык, кызматтын адистери жарандардын кайрылууларын кабыл алып, психологиялык, социалдык жана укуктук кеңештерди беришет. Зарыл болгон учурда зарыл жардам алуу үчүн кайрылгандарды мамлекеттик органдарга жана адистештирилген уюмдарга ыкчам багытташат.
Ошону менен бирге, министрлик жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого, укуктары бузулган учурда өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Зомбулук — жеке үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй коомдун коопсуздугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген көрүнүш. Ар бир кайрылуу өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оор кесепеттердин алдын алууга өбөлгө түзөт.
2026-жылдын 6 айлык маалыматы боюнча 5200 ишеним телефонуна 3480 чалуу болгон.
Психологиялык зомбулук фактысы — 1513;
Ал эми юридикалык жардам алууга — 1309 кайрылуу багытталган.
Психологиялык жардам — 1302 жаранга көрсөтүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга оор турмуштук кырдаалга кабылган учурда өз убагында жардам көрсөтүү үчүн 5200 ишеним телефону иштеп жатканын эскертет.
Ишеним телефонуна кайрылуу — квалификациялуу консультация, психологиялык жана укуктук колдоо алуу, ошондой эле өз укуктарыңызды коргоо боюнча жардамга ээ болуу мүмкүнчүлүгү.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий