- Чистая прибыль ABank за первое полугодие 2026 года составила 3 миллиарда сомов.
- Активы банка на 1 июля достигли 271,1 миллиарда сомов, рост за год почти 34%.
- Кредитный портфель (брутто) составил 109,2 миллиарда сомов, рост на 20,8% за год.
- Депозитный портфель вырос на 6,5% до 166,5 миллиарда сомов.
- Собственный капитал банка увеличился почти в три раза за год, с 29,8 до 86,1 миллиарда сомов.
Банктын жалпы кредиттик портфели (брутто), анын ичинде ислам принциптерине ылайык каржылоо жана финансылык-кредиттик уюмдар аркылуу берилген каржылоолорду кошкондо, 109,2 миллиард сомду түздү. Бир жыл аралыгында кредиттик портфелдин көлөмү 20,8 пайызга көбөйдү.
Банктын депозиттик портфелинин көлөмү 166,5 миллиард сомду түзүп, 6,5 пайыздык өсүштү көрсөттү. Тартылган каражаттардын көлөмүнүн өсүшү кардарлар базасынын туруктуулугун жана банктын ишине болгон ишенимдин сакталып жатканын чагылдырат.
Эң олуттуу өсүш банктын өздүк капиталында байкалды. Бир жыл ичинде капиталдын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйүп, 29,8 миллиард сомдон 86,1 миллиард сомго жетти. Капиталдын олуттуу өсүшү банктын финансылык туруктуулугун бекемдөөнүн негизги факторлорунун бири болду.
«Биз финансылык туруктуулукту сактоо жана мындан аркы өнүгүү үчүн жетиштүү капиталды камсыз кылуу менен бизнести кеңейтүүнү ырааттуу улантып жатабыз. Биз үчүн өсүш финансылык көрсөткүчтөр менен гана чектелбестен, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууда, каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө жана заманбап банктык чечимдерди киргизүүдө да көрүнүшү маанилүү. Дал ушул багыттарга биз экинчи жарым жылдыкта да өзгөчө көңүл бурабыз», — деп белгиледи ABank башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий