Талантбек Арстанкулов 1972-жылдын 1-августунда туулган, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу магистри. Саламаттыкты сактоо системасында жана мамлекеттик башкарууда 30 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар жетекчи.

2024-жылдан бери КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт маселелерин карап; мамлекеттик программалардын ишке ашышын, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү координациялаган. Медициналык уюмдарды башкарган.

Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери өз каалоосу менен кызматтан кеткен.