Маалыматка ылайык, сейсмикалык активдүүлүк саат 7:05те катталганы белгиленет. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Эңилчек айылынан батышка карай 9 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 69 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүү күчү Эңилчек айылында 2,5 баллды, Кургак айылында 2 баллды түздү.