Жаңы жер алдындагы өтмөктөр төмөнкү аймактарда курулат:
Анкара көчөсүндө «Глобус» соода борборунун жанында;
Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы № 59/2 үйдүн алдында;
7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
Байтик баатыр көчөсүндө курулуп жаткан мечиттин жанында;
Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде;
Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Мэриянын маалыматы боюнча, долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарынын алдын алууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Шаар тургундарынан жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу коюлган жол белгилеринин талаптарын сактоо суралды.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий